Дүйнөлүк Эр таймаш федерациясы расмий түрдө WEF деп аталып, World Ertaymash Federation деп чечмеленет. Жаштарга, коомчулукка ушундай аталыш менен тааныш. Бул спорттун түрү 1985-жылы пайда болуп, 1991-жылы Кыргыз Республикасынын Кулатуу-Эр таймаш федерациясы түзүлгөн. 2002-жылы улуттук спорт катары катталган. Ал эми 2014-жылы ушул улуттук спорттун түрүн дүйнөгө жайылтуу максатында дүйнөлүк деген статус алды. Дүйнөлүк Эр таймаш федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев: "Ар мелдеш өткөн сайын уюмдун, спортчулардын кадыр-баркы, аброю өсүп жатат. Эр таймаш – бул кумар. Канчалык кыйынчылыгын тартсаң, ошончолук кызык", - дейт ал.
Каарманыбыздын маегин “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№783, 3-ноябрь, 2017-жыл) окуй аласыз.