АКШда сатыкка чыгарууга даярдалган iPhone Х телефонунун 313 даанасын уурдап кетишти

АКШнын Сан-Франциско шаарында 3 адам "Apple" компаниясынын дүкөнүнөн жаңы чыгарылып, бирок сатыкка чыгарууга даярдап койгон iPhone Х телефонунун 313 даанасын уурдап кетишти. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, кылмышкерлер дүкөндүн жанында токтоп турган жеткирүү кызматынын унаасынан 313 даанасын уурдап кетишкен. Ошол учурда көчө шыпырып жүргөн адам бул окуяга күбө болуп, фургондон өзүнүн унаасына iPhone коробкаларын көтөрүп бара жаткан 3 кишини көрүп калган. Уурдалган телефондордун жалпы баасы 370 миң долларды түзгөн.

Маалымдай кетсек, iPhone Х телефондору бүгүн, 3-ноябрда сатыкка чыгып, дүйнөнүн 55 өлкөсүндө сатыла баштады. Телефондун баасы 90 миң сомго жакын.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Makkambaev97
2017-11-03 17:32:52
Оо красавчик мага бироосун жонот
-5
APCEH
2017-11-03 17:45:44
Урдаган адамды оңой эле табып алат.
+3
islamik
2017-11-03 18:04:31
Кандай максатта уурдашты дейм да кантип сатат эми. Кыргызстанга берип иргиле депуттарга
+4
Bolunbo.kyrgyz
2017-11-03 18:24:15
Беш сарыга алып келишсин
-2
gute
2017-11-03 18:39:14
Баарынар тен Айфон Айфон деп Айфондун артынан чуркайсынар кымбатына карабай аласынар. Ата-эненерге бир наски алып бердинерби
+11
afina66
2017-11-03 22:56:40
Урдагандан кийин сатканын да ойлонсо болмок екен
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан