Майкл Жексондун улуу баласы жол кырсыгына кабылды

Поп-музыканын падышасы аталган атактуу америкалык ырчы Майкл Жексондун улуу баласы Принц Майкл Жексон жол кырсыгына кабылып, ооруканада ден соолугун калыбына келтирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 20 жаштагы Принц Майкл Жексон өзү билим алган Лойола Мэримаунт университетине мотоциклде бара жатып унаа менен кагышкан.

Принц кырсыктын себебин жаан жаап, асфальт тайгалак болуп калгандыгы менен байланыштырып, ошол учурда башкарууну жоготуп алгандыгын билдирген. 2-ноябрда болгон бул кырсыктан Принц тизесинен жаракат алып, денесинин бир канча жери сыйрылып, көгөргөн тактары менен ооруканага жеткирилген.

Принц Майкл Жексон 1997-жылы 19-февралда Лос-Анжелесте төрөлгөн. Калифорниядагы жеке мектептен билим алып, 2013-жылы жергиликтүү телеканалдардын бирине кабарчы болуп кабыл алынган. Мындан тышкары ал "Новое поколение", "Беверли-Хиллз" сериалдарына тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Syn4y
2017-11-04 12:18:30
balasy negr emes go
+6
asi.gulum
2017-11-04 14:49:30
Майкл Жексон канчанчы жылы өлгөн?
0
jizn_voram
2017-11-04 14:52:03
2009
0
islamik
2017-11-04 14:53:15
Жыгылса эмне болуптур. Ушуларды жолдо баратып чалынып кетсе деле айтаберишет
+2
Nuura
2017-11-04 15:12:51
Syn4y Баласы негр эмес анткени Майкл Жексондун аялы ак.
0
guku_80r
2017-11-04 19:26:47
Урматтуу админ майкл жексондун омур баяны жонундо кененирээк маалымат берип кое аласыздарбы
+3
admin_superstan
2017-11-07 10:07:45
guku_80r, саламатсызбы! Төмөнкү шилтемеден тапсаңыз болот. http://www.super.kg/kabar/news/199913/
0
Daiis
2017-11-04 23:35:10
Баласы жакшынакай экен
+1
Aima94
2017-11-05 14:56:47
Daiis,красавчик экен ооба
0
iasin
2017-11-06 21:32:48
Бул баласы майкл жексондун кошунасына окшоп калыптыр...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан