Таласта жүк ташуучу эки унаа сүзүшүп, айдоочулардын бири жаракат алды

Талас облусунун Талас районуна караштуу Кара-Суу айылында жүк ташуучу эки унаа сүзүшүп, айдоочулардын бири жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымат ылайык, окуя 4-ноябрга караган түнү саат 01:00дөр чамасында болгон. Анда Mercedes-Benz үлгүсүндөгү жана КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташыган унаалар сүзүшүп алган. Жол кырсыгынын натыйжасында Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жаракат алып "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан