Ош облусунун Алай районунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жер титирөөнүн күчү Ош облусунун Алай районунун Алга-Бас, Каблан-Көл айылдарында 4 баллга жетсе, Гүлчө, Кызыл-Туу, Алчалы айылдарында 3 баллга жеткен. Ал эми Кара-Суу районунун Лаглан, Лангар, Тээке, Кара-Шоро, Курак айылдарында 3,5 балл болгон. Ош шаарында болсо 2,5-3 баллга чейин жеткен.
Ошондой эле басма сөз кызматынан алдын ала маалыматтар боюнча кыйроолор жана жабыркагандар жок экенин кошумчалашты.