Бишкектеги 5 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгынан жаракат алган 3 адам ооруканада жатат

Бүгүн, 5-ноябрда таңкы саат 04:15те Манас кең көчөсү менен Новая көчөсүнүн кесилишинде 2 Тойота Камри жана Хонда Фит кагылышып, 5 адам каза болгон. Аталган жол кырсыгынан дагы 3 адам жаракат алып ооруканага жеткирилгенин SUPER.KG'ге "Тез жардам" кызматынан билдиришти. Алардын учурдагы абалы тууралуу азырынча маалымат жок.

"3 адам ооруканага жеткирилди. Бирок абалдары тууралуу азырынча айта албайбыз", - дешти "Тез жардам" кызматынан.

Бишкек шаарынын Патрулдук милициясынан кабарлашкандай, Тойота Камри катуу ылдамдыкта баратып алдындагы Хонда Фит унаасынын артынан сүзүп, андан кийин каршылаш тилкеде келаткан Тойота Камри унаасы менен сүзүшкөн. Натыйжада сүзгөн унаадагы 3 адам жана экинчи унаадан 2 адам каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Dalil
2017-11-05 13:31:34
Ылдамдыкты ашырган айдоочуга штрафтын көлөмүн көбөйтүш керек. Бийлик коопсуз шаар долбоорун качан бүтүрөт. Же аны да жеп бүтүрдүбү? Жолдо катуу айдап үйүнө жеткенче очойгон штраф барып турса көпчүлүгү тыйылат эле. 300-500 сом эмес 20000-30000 сом салыш керек. Ошондо ата-энелер да балдарына берээрде ойлонот.
+6
rysik79
2017-11-05 13:42:48
Кырсык каш кабактын ортосунда. Кудайым Бетин ары кылсын кырсыктын..
+3
bekiw.801
2017-11-05 15:02:53
Праваны эч качан сатпастан жок дегенде 6 ай окуй турган кылыш керек. Баардык кырсык ушунун айынан жана эшек мээлердин айынан болуп жатат, Эшек мээлер рулга отурганда шаар ичинде ушундай кырсык дайым болот.
+5
iskend3891
2017-11-05 16:13:57
эх кыргызым согушсуз кырыла турган болдук.
+2
KUBI
2017-11-05 18:49:17
Башка сайта ист деп окудум.Биякта фит деп журот. Кайсы сайт чын жазат.
0
engel
2017-11-17 07:58:05
Ээ Кудайым ото ото коп болуп кетти! Абайлап айдашса. Жол жургондон коркосун! Кудай сактасан сактайт да эмне деген 5 кишинин омурун алды 1 адам? Баардык водительге кыйкырыып сурангым келип жатат акырыын,абайлап айданыздарчы!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан