6-ноябрга караган түнү Бишкекте белгисиз адамдар Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иниси Улан Саляновду өз үйүнөн атып кетишти. Маркумдун уулу Абай Салянов окуя болгон учурда үйдөн качып кетип, кайра кайтып келген. Азыркы тапта милиция кызматкерлери кылмышкерлерди издеп жатат.
Аида Салянованын жакын туугандарынын бири аты-жөнүн атагысы келбей SUPER.KG порталына окуя тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирди: "Билгеним боюнча, төрт адам тапанча менен кирип келишип, акча сураган. "Акча берсең кетип калабыз" дешкен алар. Баласына тапанча такаса, терезе аркылуу секирип жаш бала да, кошунасынын үйүнө качып кетиптир. Аялын болсо ары жакка түртүп, ага "чыксаң өлөсүң" дешиптир. Улан өзү спортчу бала, күч-кубаты бар эле, каршылык көрсөттү да. Акчасы жок болсо эмнесин берет? Бирөө-жарымын жыгып баскан окшойт. Үйдөн эч нерсе уурдалган эмес.
Улан унаа оңдоп, ошону сатуу менен алектенчү. Касташып калган деле эч кимиси жок эле, андайын укпаптырмын. Үйүнөн деле чыкчу эмес, намаз окучу. Үйдүн курулушун болсо, өз күчү менен бүтүрүп жаткан. Окуянын эмнеден улам келип чыгуусу боюнча оюма эч нерсе келбей жатат, милиция кызматкерлери аныктайт чыгар".