Американын Техас штатында жайгашкан чиркөөдө сыйынып жаткан адамдарды белгисиз киши атып салды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазууда.
Анда жазылгандай, кечээ, 5-ноябрда чиркөөдө жалпысынан 50дөй адам сыйынып жатканда ок атылып, 26 киши каза болгон. Тирүү калгандардын көбү октон ар кандай жаракаттарды алган. Каза болгондордун арасында жаш балдар да бар. Куралчан киши аскер кийимин кийип алгандыгы жазылат маалыматта.
Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, ок чыгарган адам Нью-Браунфелс шаарынын Дэвин Келли аттуу жашоочусу. Кылмышкер унаасына отуруп качып бараткан жеринен полиция кызматкерлери тарабынан атып өлтүрүлгөн. Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүп жатат.
Расмий иш сапары менен Японияда жүргөн Американын президенти Дональд Трам интернеттеги жеке баракчасына: "Сазерленд-Спрингс шаарындагы чиркөөдө каза болгондордун жакындарына кайрат айтам, азыр окуя болгон жерде полиция иштеп жатат. Мен окуяны Япониядан көзөмөлдөп турам", - деп жазган.