Чүй ОИИББи: "Улан Саляновдун өлүмү боюнча кылмыш иши козголду"

Депутат Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 6-ноябрда SUPER.KG'ге Чүй ОИИББинин маалымат катчысы Нурбек Токтосунов кабарлады. Анын айтымында, маркумдун эки жерине ок тийген.

"Улан Салянов жаракат алгандан кийин ооруканага баратып каза болгон. Бирок ок кайсы жерине тийгени азырынча белгисиз. Учурда эксперттик топ окуяны жеринде териштирүүдө. Окуянын чоо-жайы анын жыйынтыгынан кийин белгилүү болот. Салянов унаа оңдоочу жайда гана иштеп келгендиктен анын өлүмүн саясат менен байланыштыра албайбыз", - деди Токтосунов.

Ал эми жакындары атылган ок маркумдун колу-бутуна жана ичине тийгенин айтышууда.

Депутат Салянованын жактоочусу Улан Жумаковдун айтымында, Улан Салянов келинчеги экөө тең намаз окугандыктан алар кол салуу болорго жакын намазга турушкан.

Эскерте кетсек, Саляновду 6-ноябрга караган түнү саат 2:00 чамасында Бишкектин Көк-Жар жаңы конушундагы үйүнөн бет капчан белгисиз 4 адам атып кеткен. Маркум 42 жашта болгон.

Улан Саляновду түнү өз үйүндө атып кетишти. Окуя болгон жерден видео
Депутат Аида Салянованын инисин аткан кылмышкерлер издөөгө алынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
birimdik.
2017-11-06 10:45:19
Саясат эле Бир шорду камалатда эми.
Аша саляновдордун Бир туугандарында эмне Куно?
+7
Eksvp_1
2017-11-06 10:51:15
Өлтүрсө ошентип өлтүрмөк беле, колу бутуна атып.
-4
Bolunbo.kyrgyz
2017-11-06 10:58:58
Намазга
0
Bolunbo.kyrgyz
2017-11-06 10:59:43
Мусулман адам кудай учун намаз окуп жатып отсо бейишке чыгат дешетго
+4
kokboru
2017-11-06 11:09:32
Намаз кыргызстанда саат 2 де окулабы?
-2
madina.87
2017-11-06 11:10:50
Тахажуддга турганго бейиши болгур.Бейишин берсин жаратканым
+5
lady_91
2017-11-06 11:41:07
Саясат болсоле иим ошентип айтып коймок беле алар ишеничтен чыгып болгон
+1
Nibiru.
2017-11-06 13:19:07
Койгулачы айланайындар! Бийлик Салянованын инисин олтуртуп эмне максатка жетмек эле? Жон эле бир нерселерди жаза бересинерби? Салянованы заказ бергидей,тем более анын эч нерсеге тиешеси жок инисин олтурткондой,Салянованар анчалык деле олуттуу,бийлике ошончолук коркунуч туудурган саясатчы эмес. Эгер бийлике туугандары аркылуу таасир этууну кааласа ошол бир тууганын бир аз убакытка жон эле камап коймок. Анан аны тункусун барып олтуртпой.
-2
Su.Zeyd_89
2017-11-06 22:33:00
Тахажуд намазына турушса керек. Ошон учун тунку 2де свети куйуп турса киришти го каракчылар. Жайы жаннатта болсун Аллах оз мээримине алсын.
-2
ularik_kg
2017-11-06 23:29:53
Селер ал олтургонду эч качан таппайсынар, тапсанарда селерге приказ келет, анан учпаган кракадил учатда алыстарга, специально приказ менен олтурулгону байкалып эле туратго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан