Жалал-Абад ОИИБи: "Бишкек-Ош жолунда каза болгон 10 адамдын тогузу Орусияга бараткан өзгөндүктөр болгон" (фото)

Бүгүн Бишкек-Ош жолунун 457-чакырымында жол кырсыгынан каза болгон адамдардын аты-жөнү такталууда. Учурда 9 адамдын аты-жөнү такталды. Каза болгон бир адамдын өздүгүн тактоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG`ге ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа менен DAF газ ташуучу унаа бетме-бет кагылышкан.

Ал эми Жалал-Абад облусу боюнча Патрулдук милиция бөлүмүнүн башчысы Аваз Доосов Хонда Степвагон үлгүсүндөгү 8 жаран бир ымыркайы менен Орусияга жолго чыгып, кырсыкка туш болгонун айтып берди.

"DAF газ ташуучу чоң унаа жолдо башкаруусун жоготуп каршы тилкеге оодарылып кеткен. Ошол учурда Хонда Степвагон унаасы өз жолунда келе жатып күтүүсүз оодарылган DAF'ты келип сүзгөн. Натыйжада DAF автоунаанын айдоочусу жана Хонда Степвагондогу 9 адам каза болду", - деди Доосов.

Кырсыктан каза болгондордун тизмеси:

1. К.Кодиржанов, 1994 -жылы Ош облусунун Өзгөн районунда туулган;

2. Ф.Абдувалиев, 1988-жылы Ош облусунун Өзгөн районунда туулган;

3. Х.Абдувалиев, 1989-жылы Ош облусунун Өзгөн районунда туулган;

4. К.Набиджанов, 1994-жылы Ош облусунун Өзгөн районунда туулган;

5. К.Шабданов, 1977-жылы Аксы районунун Аксуу айылында туулган;

6. Б.Ашурова, 1994-жылы Ош облусунун Өзгөн районунда туулган;

7. А.Розахунов, 1989-жылы Ош облусунун Өзгөн районунда туулган;

8. Н.Расулжон кызы, 1995-жылы Ош облусунун Өзгөн районунда туулган;

9. Х.Адилбеков, 1988-жылы Ош облусунун Өзгөн районунда туулган;

10. А.Мамадалиев, 2016-жылы туулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
GULZAT.83
2017-11-06 13:13:50
Ош Бишкек жолунда чон грузовойлорда катту айдашат бензин газ ташыгандар камаздар жук болсода учушатта ошолорле секинрак айдашса бурумдарда катту бурулуп кобунчо антарылат
+5
albinochka2015
2017-11-06 13:24:32
Кундо эртен мн мекенимдин жанылыктарын угам деп суперге кирем,кундо кун алыс ушундай суук кабар...эх аттин АЛЛАХКА шек келтирбейин,озуно керектуулорду алып кете берет экен да.
+5
jbolotov
2017-11-06 13:28:03
Ушул оор жук ташыгандардын ылдамдыгын чектеген закондорду кылп албаган Минтранс, ПМ жетекчилери иш ен кетишсин, уялбай отурушат
+1
taimanbas
2017-11-06 13:30:12
Бийлик Кан менен келип Кан менен кетет деген ушулда
+2
Atakem01
2017-11-06 13:37:05
Жол коопсуздугун жөнгө сала турган мыйзамдарды эмес аскадагы ак мөңгүлөргө асылышат.
+1
portugalia
2017-11-06 13:55:40
Жалан жатат экен.Кандай гана жакшы тилектери менен иштеп келген бараткан адамдар экен.Жайлары Жаннаттан болсун баарынын!
+2
Istina1000
2017-11-06 14:05:36
Эххххх, жандары жаннатта болсун! Журогум тилинип кетти, байкуштарды элестетип алып. Кичинекей ымыркайды айтсан..... Эмне мынча шашат дейм да.
0
Paolo
2017-11-06 14:36:47
Ижайлары жаннаттан болсун жакындарына сабыр берсин дагы бир жолу бийликтегилерди кунооломокчумун элдин камын ойлобой оз чонтогумо сала калайын дебегенинерде тентибеей эле Кыргызстанда журот элек жеп жутаарлар мин наалат силерге эртенкинерди ойлобойт экенсинер акыретте кантип жооп берем деп
+1
Medinaa
2017-11-06 14:53:48
Жумуш жок,айласыздан орусияга жөнөштү да(Келечеги туман мигрант болуп. (((Үй-бүлөсүнө сабыр.Аллах жайын жаннаттан берсин.
+4
Eli.91
2017-11-06 16:46:38
Жайлары жаннаттан болсун Аллах таалам шейитинен кылган болсун не кылабыз арга жок жакындарына сабыр берсин бул да болсо Аллахым бешенеге жазган экен корбоско Айла жок себепкер кылып койду ушуну ажалдарына.
0
Firdaus-Muslim
2017-11-06 18:42:22
Жаман окуя болуптур, жайлары жаннаттан болсун! Эх, өкүнүчтүү Кыргызстанда адам өлүмү көп болуп жатат негедир.
0
nurbekasr
2017-11-06 19:06:01
Жаман иш болгон экен,каза болгондорду Аллахым өз мээримине алсын.Сабыр жакындарына.Оор жүк ташыган фура бензовоздор жеңил машине менен тең жарышып айдашат тооба кылдым.Авария болгон жер бурулуш экен,бензовоз катуу келип алган го.
0
NURSAPAR
2017-11-06 22:12:41
Жаш баладар экен жайлары жаннаттан болсун
0
ularik_kg
2017-11-06 23:26:10
Кудай урсун Ашаны
0
realbek89
2017-11-06 23:30:22
Жайлары жаннаттан болсун бир туугандарыбыздын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан