Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иниси Улан Саляновду атып кеткендер ак түстөгү минивэнде болушкан. Аларды тез арада кармоо планы жарыяланды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, Улан Саляновдун өлүмү боюнча бир канча версиялар каралып жатат. Ички иштер министрлигинен саясий мүнөздөгү кылмыш катары каралбай жатканын белгилешкен.
Эскерте кетсек, Саляновду 6-ноябрга караган түнү саат 2:00 чамасында Бишкектин Көк-Жар жаңы конушундагы үйүнөн бет капчан белгисиз 4 адам атып кеткен. Окуя орун алган мезгилде үйдө Улан Салянов, анын аялы жана 17 жаштагы баласы болгон.