Орусиянын Москва шаарында курулушта иштеген 6 мигрант өрттөн улам түтүнгө ууланып каза болду. Өрт кырсыгы шаардын түндүк-чыгыш тарабындагы Складочный көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде Москва убактысы боюнча саат 02:25 чамаларында чыкканын орусиялык ЖМКлар жазышты.
Айрым маалыматтарга караганда, каза болгон адамдар Орто Азия өлкөлөрүнөн барган мигранттар болушкан. Алар курулушта иштеп жүрүшкөн. Азыркы учурда каза болгондордун аты-жөнү жана кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.