Орусиянын Новосибирск шаарында 36 жаштагы Кыргыз жараны мурдагы аялын өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жазышты.
Орусиянын Тергөө комитетинин маалыматына караганда, окуя 4-ноябрь күнү саат 11:00 чамасында Новосибирск шаарынын Калинин районунда болгон.
"36 жаштагы жаран мурдагы аялы менен уруша кетип, аны бычактап салган. Алган жаракатынан улам 32 жаштагы аял ошол жерден каза болгон. Криминалисттер маркумдун далысы жана көкүрөк тушуна 7 жолу бычак сайылганын көрүшкөн. Кармалган адам күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, ага карата "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Орусиянын мыйзамдарына ылайык кылмышкер 15 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн", - деп жазылат маалыматтарда.