"Манас" аэропортуна баруучу жолдогу кырсык 4 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу бүгүн, 7-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 6-ноябрь күнү саат 20:22 чамасында Бишкектен "Манас" аэропортуна баруучу жолдо болгон. Анда айдоочу БМВ үлгүсүндөгү унаасын башкара албай, жолдон чыгып бакты сүзгөн. Анын кесепетинен 1992-жылы туулган А.Б., 1992-жылы туулган Б.М., 1989-жылы туулган Ч.Ж., 1986-жылы туулган К.О. кырсык болгон жерден каза болушкан. Ал эми 1992-жылы туулган М.Ю. Бишкектеги №1-шаардык ооруканага жеткирилген.