Ошто Тажикстандын жарандары бараткан кичи автобус кырсыкка кабылып, 5 адам жаракат алды

Ош облусунун Кара-Суу районунда Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү кичи автобус менен Nissan Almera унаасы кагышып, 5 адам жаракат алды. Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жанна Сатарбаеванын SUPER.KG'ге билдиришинче, кырсык бүгүн, 7-ноябрь күнү саат 07:00 чамаларында Ош-Бишкек унаа жолунун 15-чакырымында катталган.

Кичи автобуста Тажикстандын 24 жараны болгон.

"Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, Тажикстандын жарандары Орусиядан келе жатышкан. Жол кырсыгынан 5 адам жаракат алып, алар ооруканага жеткирилишти", - деди Сатарбаева.

Учурда кырсыктын себептерин тактоо иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
ularik_kg
2017-11-07 11:41:28
Ушундай жанылыктан тойдук уже супер инфо жазбагылачы, озу бизге бирдеке болтат, биздин кылган иштерибиз Кудайга жакпайтатго, кылмыш кырсыктардын очогу биз болуп калдык
-1
gute
2017-11-07 11:51:16
Ээ качан токтойт жол кырсыктар кундон кунго осуп жатат.
-1
ularik_kg
2017-11-07 13:33:16
gute,акылдуу коментари калтыодында е
озунчо
0
ludimira
2017-11-07 12:29:54
Кыргыз болбогон сон чын журоктон бааааары б р
-5
toma95
2017-11-07 12:38:41
Кайда болсонор дагы аман болгулачы мусулман бир туугандарым
+4
ludimira
2017-11-07 16:01:22
toma95,мусулман коншу олколор алсырасанар биринчи Кыргызды басып коз каранды кылвбыз деп пайлап отурат.....
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан