Бишкек ШИИББи: "Жактоочу Канат Хасановдун үйүнө кирген белгисиз адамдар боюнча ыкчам тергөө тобу иш алып барууда"

"Жактоочу Канат Хасановдун үйүнө кирген белгисиз адамдар боюнча ыкчам тергөө тобу иш алып барууда", - деп билдирди Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморов.

"Жактоочу Канат Хасановдун үйүнө белгисиз адамдар киргени боюнча арыз келип түшкөн. Арыз Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгында катталып, тергөө иштери каралып жатат. Учурда Хасановдун коңшулары суралып окуя болгон жерде ыкчам тергөө тобу иш жүргүзүүдө", - деди Оморов.

Окуя болгондон кийин жактоочу Канат Хасанов милиция кызматкерлери чакырылган убакыттан кечигип келгенин айтып нааразы болгон.

"Ал учурда ыкчам тергөө тобу башка чакыруунун үстүндө иш алып барып жаткан. Арыз ээлери чалуудан кийин милиция көп убакытта келди деп нааразычылык билдирип жатат. Бирок башка чакырууда жүргөн ыкчам тергөө тобу ал жакты да кетип калбай карашы керек", - деп түшүндүрдү Оморов.

Белгилей кетсек, бүгүн, 7-ноябрда камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Канат Хасанов үйүнө түндө белгисиз адамдар киргени боюнча билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
elchi84
2017-11-07 13:32:51
Булар дагы кармалбайт.
+3
Ibonus86
2017-11-07 14:21:43
Эмне бизде ыкчам тобу жетишпейби же ушунчалык эле элди манкурт деп ойлошобу жаш балдарды алдагандай алдап эмне деген шумдук
+3
dina
2017-11-07 15:04:52
Бизде 1 эле ыкчам топ бар окшойт деп ойлоп калдык)))
+2
Nanei
2017-11-07 16:43:00
Бир эле ыкчам топ барбы Бишкекте?
0
kechirmeni
2017-11-08 09:10:06
табылбай калды го... себеби тушунуктуу
0
Shokoladka94
2017-11-08 10:31:34
Болгон кылмышты жаап-жашыруу боюнча иш алып барып жатышкандыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан