Сеул шаарынын 58 жаштагы жашоочусу көп кабаттуу үйдүн 13-кабатынан боюн таштап каза болду. Чет элдик маалымат булактарында жазылгандай, ал жолдон өтүп бара жаткан кишинин үстүнө түшкөн.
68 жаштагы жаран бул учурда күндөгүдөй эле жумушка бара жаткан. Капысынан үйдүн 13-кабатынан аял үстүнө түшүп, экөө тең оор абалда ооруканага жеткирилген. Бирок көп өтпөй алар алган жаракаттарынан улам көз жумушкан.
Жергиликтүү полиция бийиктиктен боюн таштаган аял депрессияда жүргөнүн айтып, бул абал аны өз өмүрүн кыюуга жеткирген деп билдирген.
Түштүк Корея Экономика жана өнүгүү кызматташтыгы уюмуна кирген 34 өлкөнүн ичинен өз өмүрүн кыйгандар боюнча алдынкы орунда турат. 2017-жылы Түштүк Корея өкмөтү адамдардын өз өмүрүнө кол салуусунун алдын алуу жана жок кылуу аракеттерин жүргүзүү үчүн 8,9 миллион доллар каражат бөлгөн.