Санкт-Петербургда жарылуучу зат менен кармалган Кыргыз жараны 2 жылга эркинен ажыратылды

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында жардыруучу граната менен кармалган Кыргыз жараны Исмаил Р. 2 жылга эркинен ажыратылып, 50 миң рубль айып пул төлөөгө милдеттендирилди. Мындай чечим шаардык сот тарабынан кабыл алынганын 7-ноябрда орусиялык ЖМКлар жазды. Маалым болгондой, ал тергөө учурунда граната менен жардыруу уюштурууну эмес, аны сатуудан пайда көрүү максатын көздөгөнүн билдирген.

Исмаил Р. 2017-жылдын 3-апрель күнү Санкт-Петербург шаарындагы 10дон ашуун адамдын өмүрүн алган жардыруудан кийин колго түшкөн. Кармалган учурда ал жашаган батирди тинтүүгө алышканда үйүнөн граната табылган.

Эскерте кетсек, 3-апрелде Санкт-Петербургдун "Сенная площадь" жана "Технологический институт" станцияларынын аралыгында жардыруу болуп, жан кечти менен кошо 14 адам каза болгон. Ошондой эле 49 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Ал эми "Площадь восстания" станциясында калтырылган жарылуучу зат өз убагында табылып, жардыруу ишке ашкан эмес. Тергөөнүн версиясы боюнча, терактты Орусиянын жараны Акбаржон Жалилов жасаган. Аны уюштурууга шектелип бир туугандар Акрам жана Аброр Азимов менен кошо 8 киши кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazgul90
2017-11-08 09:20:08
Бир XXXX канча кыргыздарды жаман корундурот, туулбай XXXX
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан