Талас районунда жол кырсыгы катталып, анда 2 адам каза болду. Бул тууралуу облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти. Анда белгилүү болгондой, кырсык 8-ноябрга караган түнү, саат 2лер чамасында болгон.
"Жол кырсыгы тууралуу тийиштүү материалдар топтолууда. Ал эмнеден улам келип чыкканы белгисиз. Окуя болгон жерден 22 жаштагы 2 жаран каза болгон, дагы экөө оор абалдар облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилишкен. Ооруканадагылардын биринин аты-жөнү тактала элек. Толук маалымат чогултулган соң кырсыктын жагдайлары тууралуу кабарлайбыз", - деп билдирди аталган кызматтан.