Алмамбет Шыкмаматовдун соту негизги күбөнүн котормочусу келбей калгандыктан 9-ноябрга жылдырылды

Биринчи Май райондук соту депутат Алмамбет Шыкмаматов, Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевдин үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча сот отурумун 9-ноябрга жылдырды. Мындай чечим ишке негизги күбөлөрдүн бири болгон "Барат Люкс" ишканасынын жетекчиси Али Юкселдин котормочусунун отурумга келбей калышы себеп болду. Сот Айбек Эрнис уулу тараптардын пикирин угуп, отурумду жылдыруу чечимин кабыл алды.

Соттолуучуларга ушул жылдын 17-февралында "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

УКМК "Шыкмаматов Эсептөө палатасында аудитор болуп иштеп турган учурунда жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген" деп жатат. Ал эми Шыкмаматов муну "саясий кысым" деп атап келет.

Эскерте кетсек, аталган тендерге 2 фирма катышып, 2011-жылы 5-октябрда жыйынтыкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан