Эртең, 9-ноябрда Бишкек шаардык соту депутат Аида Салянованын Ленин райондук сотунун чечимине карата апелляциялык даттануусун карайт. Бул тууралуу анын жактоочусу Чынара Жакупбекова 8-ноябрда SUPER.KG'ге кабарлады. Маалым болгондой, сот отурумунун графиги белгиленип, иш ар шейшемби жана бейшемби күндөрү каралмакчы болду.
Ал эми Салянова иниси Улан Саляновдун каза болгондугуна байланыштуу эртеңки сот отурумуна катышары же катыша албастыгы белгисиз. Анын инисин Бишкектин Көк-Жар жаңы конушундагы үйүнөн 6-ноябрга караган түнү саат 1:30 чамасында белгисиз адамдар атып кетишкен.
Эскерте кетсек, 10-октябрда райондук сот Салянованы күчөтүлгөн режимде 5 жылга эркинен ажыраткан. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет.
Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2016-жылдын декабрында кылмыш иши козголгон.