Франциянын Кан шаарынын тургуну террористик уюм эсептелинген "Аль-Каиданын" лидери Усама бен Ладендин аты жазылган футболкага буйрутма бергени үчүн жарым жылга соттолду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Кан шаарынын 34 жаштагы тургуну Шакиб Лиман жергиликтүү дүкөндөрдүн бирине "Барселона" футболдук клубунун футболкасына Усама бен Ладендин атын жазып берүү буйрутмасын берген. Дүкөндүн коопсуздук кызматынын кызматкери бул окуя тууралуу атайын кызматтарга билдирген.
Мындан улам терроризмге шектелген Шакиб Лиман кармалып үйү тинтүүгө алынат. Анын батирин тинткен учурда радикалдуу эсептелинген уюмдардын лидерлеринин аты жазылган 6 футболка табылган. Компьютеринде Усама бен Ладендин сүрөттөрү жана ислам динине тиешелүү видео роликтер болгон.
Ал эми Шакиб Лимандын жактоочусу Габриэл Сиб: "Чагымчылдык аракеттер менен жөн эле түшүнбөстүктү айырмалай билишибиз керек. Ал жөн гана алардын аты жазылган футболкаларды кийип жүргөн да", - деп билдирген ЖМКларга.
Бирок анын жактоочусу сотту ынандыра алган эмес. Сот Шакиб Лиманды туура эмес идеологияны карманып жүргөн, агрессивдүү деп алты айга эркинен ажыратып гана тим болбостон 5 жылга саясий жана жарандык укуктарынан ажыраткан.