Бүгүн, 9-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун иши каралууда. Отурумдун жүрүшүндө жактоочулар тарабынан чакырылган 3 күбөнүн экөөсү Лариса Зайцева менен Эмилбек Асаналиев келип көрсөтмө беришти.
Кийин Шыкмаматов сотко 3 өтүнүч келтирди. Биринчиси, Жусуп Иманалиевдин 2011-жылы 9-10-июнда кайсы жакта болгонун аныктоо үчүн уюлдук компаниядан Иманалиевдин ошол күнү кайсы жерлерден байланышка чыкканы тууралуу маалымдама алууну.
Экинчиси, Соода жана өнөр жай палатасы бардык сатып алууларында базар баасын аныктоо үчүн таянып жаткан "Автогид" гезитинин жетекчиси Удаловду күбө катары чакырууну өтүндү.
Үчүнчүсү болсо айыпталуучуну суракка алуудан мурун ишти изилдөөнү өтүндү.
Сот биринчи өтүнүчүн четке кагып калган экөөнү канааттандырды. Соттук отурум эртең, 10-ноябрда саат 9:00дө улана турган болду.