Москвада Кыргыз жарандары кытайлыктарды оюнчук тапанча менен коркутуп тоноп кетишти

Москвада Кыргыз жарандары оюнчук тапанча менен Кытай жарандарын коркутуп тоноп кетишти. Бул тууралуу Орусиянын жалпыга маалымдоо каражаттары жазды. Анда белгилүү болгондой, Орус полициясына арыз жазышпайт деген ойдо шектүүлөр атайын Кытай жана вьетнамдык соодагерлерди тоношкон.

"Учурда аталган кылмыштуу топтун уюштуруучусу Кыргыздан келген 24 жаштагы жаран кармалып, камакка алынды. Анын бул кылмышка чогуу барган жолдоштору изделүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Тергөөчүлөрдүн айтымында аталган топ Москванын Марьино районунда 2 тоноо кылмышын жасашкан. Алар тоноочулук кылганга чейин Москвадагы унаа жуучу жайлардын биринде иштеп жүрүп, ээси менен пикирлери келишпей жумуштан айдалышканы белгилүү болду. Мындан улам каражат табуу максатында чыгыш өлкөлөрүнүн соодагерлерин тоноону максат кылышкан.

"Тоноонун мотивдери окшош - алар көп кабаттуу үйлөрдүн лифттерине киргендерди аңдып турушкан. Качан көздөгөн адамдары лифтке киргенде кошо киришип, оюнчук тапанча менен коркутушуп кийимдерин, акча жана зер буюмдарын тартып алып кетишкен", - деп билдирген полиция. Аталган кылмыш иши боюнча тергөө жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
Alinur96kg
2017-11-09 18:37:18
Кыргыздан дебей кыргызстандан десе болбойбу?
+7
Dembele84
2017-11-09 18:39:21
Кыргызстанга барып тонобойсунарбы,эшек менен соода кылган,жолдорду сапатсыз салган ж.б кытайларды,бул жерде кыргызды жаман корсотуп баарын булгабай...
+9
bolush11
2017-11-09 18:48:58
Не демек элек бир чычкак улак бир короо койду булгайт болуптурда
+5
bom.bon
2017-11-09 18:54:19
Атамбай, озу, Кытай менен Озбекстанга ишенип отурат, эми Кытайда чек араны жаап койбосун, хаха
-3
Best.bakyt
2017-11-09 19:00:52
Кыргыз илгертен согушчул эл болуп эстуу мыктыларынын баарын кырып салып жалан кокуйлары калганбызбы деп да ойлоп койом. Дегеле кыргыз аралашты деген жерде кулак суйунорлук жанылык укпайсын. Качан башка эл сыяктуу адамдай болуп тынч журобуз. Карапайым дегендерибиздин кейпи бул, бийлигибиздин кейпи тигил. Бузулган элге бучуктан башчы болот болуп, окшошконго мушташкан, жудогонго какаган болдук го.
+15
Beks.Kasymov
2017-11-09 19:35:03
ХХХХ шерменде кылдынарго Колянын алдында
+8
lilya8
2017-11-09 19:43:14
Кыргызстандын жарандыгын алган башка улуттагылар болсо керек дагы
0
Bolunbo.kyrgyz
2017-11-09 19:45:02
Ооолор эмеспи даагы
+1
meni_kut
2017-11-09 19:53:19
Bolunbo.kyrgyz,мен да ошентип ойлодум эле, бирок алар оло коркок болушчу эле
+1
Rasul94
2017-11-09 19:46:31
молодец бирок кытайларды коркутса
-4
AKCAHAT
2017-11-09 22:32:57
Rasul94, кытайга барып коркутсун барып ошондо баатыр болот, озу бироонун жеринде колу титиреп машина жууйт мусапыр дагы бир мусапырды тоногону бул просто акмактык. Бир жиндинини деп канча ак эмгек мн бала чака баккан, уй там курган, оз тиричилигин коруп жургон катардагы адамдарга кесепети тийип атат.
+4
Sabway
2017-11-09 20:44:52
Акмактар экен да и так полиция ЧМ-2018 деп текшерип атканда, кысчы жерди кысып жон иштеп кетишпейби. Мына эми Кыргызстанда ата энесин кайгыга салып. Ээх просто куйуп кетесинда. Кудайым аман эсен оз мекенибизге жеткирсе экен
+6
nurgaaky
2017-11-10 01:52:14
Бир кумалак бир карын майды чиритет болушту го. Ушундай акылы кыскалардын айынан уй булосун бала чакасын багам деп тытынып иштеп жаткан жарандар зыян тартат.
0
nur72
2017-11-10 02:44:28
ботон жерде ойлонуп журсок жакшы болмок ансыз текшеруу кучоп жатканда
0
Matahara1980
2017-11-10 06:52:39
Кыргыз кыргызды еле тонойт деп уктум еле москвада, еми кытайларды да тоноп калышканбы
0
Beise
2017-11-10 07:32:35
Кулкулуу атын чыкпаса жер ортто!
0
portugalia
2017-11-11 09:20:29
Айбандар.Жакшы жактарын корсоткондун ордуна киши тоношуп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан