Бишкек-Ош жолунда жеңил унаа оор жүк ташуучу унаанын астына кирип кетип 4 адам каза болду

Бишкек-Ош унаа жолунда эки унаа кагышып 4 адам каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан тастыкташты. Кырсык бүгүн, 9-ноябрда эртең менен Токтогул районунун Үч-Терек айыл аймагында катталган. Маалым болгондой, Вольво үлгүсүндөгү унаа Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын астына кирип кеткен.

"Жеңил унаа Мерседес-Бенц унаасына каршылаш чыгып, астына кирип кеткен. Натыйжада бир адам кырсык болгон жерден каза болуп, үч адам ооруканага жеткирилген. Бирок ал үч адам да ооруканада каза болуп калышты. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти ОИИБинен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
Kroxa
2017-11-09 20:15:47
Эшегине жараша тушагы..кырылып буттук го..4 5 адам олуп кундо...эмнеге???
+1
zerkala.1992.kg
2017-11-09 20:55:50
Менин айылдаштарым, класташым болчу жаткан жеринер жайлуу болсун кырсык каш кабактын ортосунда дейт айла
0
karakulja
2017-11-09 21:23:29
Жеке автомектептерди жоюп, айдоочу куболукту СССРдин тартибинде беруу керек. Бул кетиште Кыргыз кырк жылда тукум курут болобуз. Козунорду ачкыла туугандар
0
Elitta
2017-11-09 21:35:14
АТАМБАЙДАН умут кылбагылачы 5жыл жарытпаган 1айдын ичинде кыйратмак беле?Анын эшеги ылайдан отуп,азыр жалгыз озунун кызыкчылыгын ойлойт,Элди ойлосо буга чейинки чечиле турган маселе эле ал
+1
talaa11
2017-11-09 21:46:53
Кыргызстан бойунча бир кун тулоо откоруш керек болуп калды. Кундо акыркы Кабарларды окуп кыжаалат болуп чыгам
+1
Verta-00
2017-11-09 22:19:25
Жараткан Аллахым,боодо кырсыктан,бейажал олумдон сактай кор! Бул менин жеке оюм,АША каражолтой президент болду
+1
Farm94
2017-11-09 22:19:45
Ош Бишкек жолуна кан чыгарып түлөө өткөзүш керек менимче
+1
Ayida
2017-11-09 22:23:09
Кан чыгарсан деле баары бир.Оздору авгонго чыкпай шашпай айдаш керек.Уктабагандар уктап алып айдаш керек
+1
jbolotov
2017-11-09 22:25:35
Жонокойэле жол тартиптерин ото катаал кыла албаган депутаттар аман эле болгула.
0
Nurkyz1977
2017-11-09 22:42:33
Торт жапжаш балдар отуп кетти абдан окунучтуу,бироо оор больницада. Эки бир туугандын бири каза болуп экинчиси ооруканада абалы оор. Оо Жараткан ооруканадагы баланы сакта эне журок эки баласын жоготууну которуу албетте оор. Ушул эки баланын атасы отуп кеткенине коп болсо 10кунчо болду эле. Аллахым боодо кырсык,боодо кайгыдан сакта! Элим журтум агайын тууган уй булоом аман болсун,баарыбызды сакта. Жамандыгындан алыс кыл,жакшылыгына жанаштыр. Куноолорубузду кечир биз которо албаган сыноодон сакта.
+2
Alyma
2017-11-09 22:48:35
Дагы олум....... Кирип окуудвн коркуп калдым
0
SansaNePredaiJohna
2017-11-09 23:31:14
каргыш урдуго
0
biznes
2017-11-10 00:26:21
Менин жердештерим экен. Төртөө тең бир айылдан жаман эле болуптур
0
nematovich.90
2017-11-10 01:52:05
biznes,кесинесинер кайсыл райондон болушчу? Сабыр кылгыла, кудайым куноолорубузду озу кечирсин
0
Nurkyz1977
2017-11-10 11:09:02
nematovich.90,Токтогул районунун Каражыгач айылынан баары бир айылдын балдары.
0
Nazaroff1974
2017-11-10 05:30:58
Аа,эрте менен пока бироо элеби деп ойлодум эле же орустар айткандай рано еще беле.Кечке жуук кайра эле план толукталыптыр толугу менен.Бамбарбиа кергуду.
-1
Firdaus-Muslim
2017-11-10 12:19:57
Өткөнкү мумияны кайра казып алышпады беле, тообо Кыргызстанда күндө эле кырсык. Кудай сактасын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан