Жалал-Абад: Үлпөт тойдо милицияга баш ийбей чуу салган 13 жаран кармалды

Жалал-Абад шаарында үлпөт тойдо тартип бузганы үчүн 13 жаран кармалды.

Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынын өкүлү Мыктыбек Турдубековдун билдиришинче, окуя 8-ноябрда катталган. Үлпөт тойдо автоунаалары менен жол кыймылына тоскоолдук жаратып, сөгүнүп, коомдук тартипти бузган жаштарга Патрулдук милициянын кызматкерлери барып эскертүү берүүгө аракет кылышкан. Бирок мас абалындагы жигиттер баш ийбей, милициянын кызматтык унаасынын алдынкы бөлүгүн жана бир күзгүсүн талкалап салышкан. Мындан кийин милиция кызматкерлери асманга ок атып эскертүү беришкени айтылат маалыматта.

Факт боюнча кылмыш иши ачылды. Кылмышка шектүү катары Ноокен районунун 25-29 жаштардагы 13 жараны кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген. Алардын айрымдары административдик тартипте жоопко тартылышса, калгандары убактылуу кармоочу жайга киргизилгени белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
birimdik.
2017-11-09 15:54:00
Тойдо болотда той ошонусу мн кызыкда тоба
-24
kechirmeni
2017-11-09 16:00:14
Ырас кылыптыр башкаларга да сабак болсун, антпесе азыркылар чектен чыгып баратышат,тимеле озунун машинасында кетип аткандай дердендешет жол беришпей, пробка кылышып анан да встречный менен жургонун кантесин
+21
Bek_abad
2017-11-09 16:15:10
Аа тейтендебей калгырлар..
+11
ekaterinburg
2017-11-09 16:20:22
Жожо-короздор десе...Бир аз ичип алышса эле Макгрегор оздорунчо эле.
+16
tttalant
2017-11-09 16:46:55
Тура кылат кече кордум баары ичип алган экен милицияга кол которуп тур. ....
+8
Kumarchik
2017-11-09 17:19:10
тойду бузупсунарда эх досунар капа болот эми
+9
Kumarchik
2017-11-09 17:19:36
ресторанга барбай калсанар керек
+7
kechirmeni
2017-11-09 17:23:13
атан коруу... ата эненин эле шору да
+8
AKCAHAT
2017-11-09 22:55:08
Ошонунар мн кыйынсынар да)))
0
Nora
2017-11-10 06:26:26
baiyagy ele araktyn azaby, shorduu 13 ata eneler, uilonboi jerge kirbeibi aaa arak ichkendi bilbesener, voopshe arakty jok kylyp saluu kerek!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан