Колумбиянын полициясы эл аралык сатыкка чыгарууга даярдалган 12 тонна кокаиндин бетин ачты

Колумбиянын полициясы 12 тонна баңгизат (кокаин) алып жүргөндөрдү колго түшүрдү. Мындай маалыматты чет элдик булактар жазды. Колумбиянын президенти Хуан Мануэль Сантос мынча көп баңгизаттын алынышын өлкөнүн тарыхында биринчи жолу болгонун белгиледи. Анын баасы болжол менен 360 миллион доллар.

Тыюу салынган зат Колумбиядагы жашыруун фермалардын биринде табылган. Аны жерге тизип, үстүнө банандын жалбырактарын жаап коюшкан. Мынча тонна кокаинди ачыктоо үчүн баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы иш алып барган полициянын 400дөй офицери катышкан.

Жергиликтүү бийлик 12 тонна баңгизаты "Клан дель Гольфо" криминалдык тобуна таандык экенин белгилөөдө. Аталган топ криминалдык чөйрөнү тескеп, Колумбиянын аймактарында мыйзамсыз баңгизат жүгүртүүнү ишке ашырып келген дешет. Фермада даярдалган кокаин аткезчилик жолу менен эл аралык сатыкка чыкмак деп билдирди полиция.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kechirmeni
2017-11-10 08:48:46
кинодон да отуп кетишиптир го :)
+2
karakulja
2017-11-10 08:59:32
Кыргызстандан да кармаса болот. Ан учун Атамбай акам Хуан авамдай болуш керек
+3
Komrad
2017-11-10 09:39:25
Эскобардын жолун улагандар экен го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан