Кыргыз өкмөтүнүн демилгеси менен Кыргыз жерине алып келинген Памирде жашаган боордош бир туугандарыбыздан кабар алдык. Бийик тоону ашып келген туугандар учурда Нарындын Куланак айылында жашап жатышат. 38 жаштагы Лаалбүбү 12 бала төрөсө анын экөө гана токтогон. “Өзүбүз төрөп, өзүбүз киндигин кесебиз. Төрөттөн каза болгондор, жашоо-шартка чыдабай каза болгон жаш балдар көп", - дейт ал.
Кыргыз тилинде жазганды, окуганды үйрөнүп жаткан этникалык кыргыздар жашоо-шарты тууралуу баяндашат. Фоторепотажды “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№784, 10-ноябрь, 2017-жыл) окуңуз.