Бүгүн, 10-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун, Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевдин үстүнөн козголгон кылмыш иши каралмак. Бирок негизги күбөлөрдүн бири болгон "Барат Люкс" ишканасынын жетекчиси Али Юкселдин котормочусу отурумга келбей калгандыктан сот ишти түштөн кийин улантуу чечимин чыгарды.
Эскерте кетсек, Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп айыпталууда. Шыкмаматов өзү бул ишти "саясий кысым" деп келет. Аталган тендерге 2 фирма катышып, 2011-жылы 5-октябрда жыйынтыкталган.