Чүй облусундагы Беловодск айылында мечиттердин биринде Кыргыз аймагында тыюу салынган "Инкар-Йакын" тобунун лидери 47 жаштагы К.Н. кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдайт.
Басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, экстремисттик топтун лидери К.Н. диний кыймылдардын өкүлдөрү жана лидерлеринин жылдык чогулуштарына катышуу үчүн Индия жана Бангладешке 20дан ашуун жолу барып катышкан.
"Ал 2003-жылдан баштап тыюу салынган адабияттарды орус жана кыргыз тилдерине которуп, жалпы 20 китепти которгон. Ошондой эле шектүүнүн 2 аялынан 12 баласы бар, алардын баарына мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү медициналык эмдөөлөрдү алдырбасы, каттоого туруу жана балдарынын мектептен билим алышына бөгөт коюп келгени аныкталган", - деп жазылат маалыматта.
Кармоо учурунда кыргыз жана орус тилиндеги китептер табылып, дин иштери боюнча Кыргыз мамлекеттик комиссиясына теологиялык экспертизага жөнөтүлгөн. Корутунду табылган китептерди "Инкар-Йакын" диний агымына кире турганы аныкталган.
28-октябрда аталган фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренеси (Улуттар, этностор аралык, расалык, диний же регион аралык кастыкты козутууга багытталган уюшкан иш-аракет) боюнча кылмыш иши козголгон.
3-ноябрда Москва райондук соту экстремисттик топтун лидерин 2 айга камакка алып, ал жашаган 2 дарек боюнча тинтүү иштерин жүргүзүүгө уруксат берген.
8-ноябрда 2 дарек боюнча тинтүү иштери жүрүп, экстремисттик түрдөгү китептер жана CD-дисктер табылган. Бардык табылган материалдар дин иштери боюнча Кыргыз мамлекеттик комиссиясына диний экспертизага жөнөтүлгөн.
"Инкар-Йакын" - "дааватчылар" деген ат менен белгилүү "Таблиги жамаат" уюмунан бөлүнүп чыккан өзүнчө топ. 2017-жылдын 15-июндан баштап экстремисттик топ катары эсептелип, Кыргыз аймагында тыюу салынган.