Жумгал районунда 8 жаштагы баланы сүзүп, из жашырып кеткен айдоочу кармалды

Жумгал районунда 8 жаштагы баланы сүзүп, из жашырып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 9-ноябрь күнү саат 14:00 чамасында Жумгал районунун Чаек айылында болгон. Анда белгисиз айдоочу унаасы менен 8 жаштагы И.Х. аттуу баланы сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.

"Жабырлануучу райондук ооруканага жеткирилип, тиешелүү медициналык жардамдар көрсөтүлгөн соң ата-энесинин коштоосунда үйүнө чыгарылган. Ошол эле күнү жабырлануучунун апасы милицияга арыз менен кайрылып, айдоочуга чара колдонууну өтүнгөн. Бул арыздын негизинде ыкчам изилдөө иштери жүрүп, Чаек айылынын 23 жаштагы А.М. аттуу тургуну кармалган. Учурда анын Субару Импреза үлгүсүндөгү унаасы айып жайга токтотулуп, айдоочу Жумгал РИИБине жеткизилди", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан