Ноябрь айынын башынан бери, 9 күндө 208 жол кырсыгы катталып, 42 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда өкмөттүн жыйынында премьер-министр Сапар Исаков билдирди.
“Ноябрь айынын башында эле 1-ноябрдан 9-ноябрга чейин 208 жол кырсыгы катталып 42 адам каза болуптур. Бул абал бизди тынчсыздандырат. Кандайдыр бир жолду табышыбыз керек. "Коопсуз шаар" долбоорун биз эки жылда гана жыйынтыктап ишке киргизе алабыз. Ага байланыштуу биз учурда кандайдыр бир чараларды көрүшүбүз керек. Эмне себептен мындай кырсыктар көп болууда? Себебин таап чараларды көрүшүбүз керек”, - деди премьер-министр өкмөттүн жыйынын баштап жатып.