Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда турак жай күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт 10-ноябрда түнкү саат 11:30дар чамасында Ильменская көчөсүндөгү турак жайлардын биринен чыккан.
Кырсык болгон жерге 4 өрт бригадасы барып түнкү саат 01:30дар чамасында чектөөгө алышып, саат 03:50лөр чамасында толук өчүрүшкөн.
Ошондой эле аталган маалыматта тилсиз жоодон үйдүн 180 чарчы метр чатыры жана экинчи кабатында жайгашкан кийим тигүүчү цех, анын ичиндеги 36 кийим тигүүчү машина күйүп кеткени айтылат.
Басма сөз кызматынан учурда өрттүн себеби такталып жатканын билдиришти.