Иран менен Ирактын чек арасында 7 баллдан ашкан жер титирөө катталып, каза болгондордун саны 140тан ашты

12-ноябрга караган түнү Иран менен Ирактын чек арасында күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Анын очогу Ирактын борбору Багдад шаарынын түндүк-чыгыш тарабынан 204 чакырым алыстыкта, Ирандын Керманшах шаарынын батышынан 104 чакырым алыстыкта катталган. Жер титирөөнүн кесепетинен 140тан ашуун адам каза болуп, 300дөй адам жаракат алганы маалым болду.

Чет элдик ЖМКлар жер титирөөдөн Ирандын батыш тарабындагы райондор жабыркаганын жазышты. Ал эми Ирактагы "Ас-Сумария" телеканалы жер титирөөдөн өлкөнүн 4 провинциясы жапа чеккенин кабарлады. Эки мамлекеттин куткаруу кызматтары күчөтүлгөн режимде иштеп жатышканы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
asil-08
2017-11-13 09:33:56
Кудайым боодо кырсыктан сактасын.
+7
Benazir08
2017-11-13 09:45:39
Тынч эле болсок экен. Бизге тегеле келе корбосун. Болбосо кырылып калабыз зоорго кобойуп атканда.... Боинг кырсыгы эле жетишет
+6
bond02
2017-11-13 10:03:08
Эмнеге титиреди экен?
-4
ALATOOLUK.JIGIT
2017-11-13 10:08:57
bond02,кшш жакындаганга ушуй баштаган го титиреп
+3
Meruet84
2017-11-13 11:08:57
ALATOOLUK.JIGIT,))))))))))
+3
datkayimjan
2017-11-13 11:06:49
bond02,жер титироо бул кадимки эле табигый нерсе да. Ал жерде адамдар жашайбы жашабайбы карап отурбай эле титирей берет озу каалаганда.
+3
Eli.91
2017-11-13 13:38:35
ОЗУ жер титиреген бул адамдардын куноосу кобоюп кеткенде жер куноолорду которой албай бир силкинип алат экен,куноо иштерди азыраак кылганга аракет кылышыбыз керек,Кудайым билип билбей кылган куноолорубузду кечирген болсун.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан