Жети-Өгүз районунда эки унаа сүзүшүп айдоочу каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 12-ноябрь күнү саат 18:50 чамасында Кызыл-Суу айылында болгон.
"Нива үлгүсүндөгү унаа менен Жигули үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Ниванын айдоочусу окуя болгон жерден жан берген. Ал эми Жигулидеги эки адам жеңил жаракат алышкан. Жабыркагандар Жалгыз-Өрүк айылынын тургундары", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.