Бүгүн, 13-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун иши каралды. Бүгүнкү соттук отурумдун жүрүшүндө күбө катары эксперт Ниязбек Бугубаев суралып, иштин материалдары иликтенип бүттү.
Андан соң "Барат Люкс" ишканасынын жетекчиси Али Юкселдин жактоочусу ишти кыскартуу өтүнүчүн келтирди.
"Али Юкселди алгач күбө катары сурашып, кийин кылмыш ишин козгоп жатышат. Бул иште анын эч кандай күнөөсү жок. Ага козголгон ишти кыскартууну суранам", - деди жактоочу.
Бирок сот өтүнүчтү канааттандырган жок.
Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов ишти кайра тергөөгө жөнөтүү керек экенин айтты.
Эскерте кетсек, Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп айыпталууда. Шыкмаматов өзү бул ишти "саясий кысым" деп келет. Аталган тендерге 2 фирма катышып, 2011-жылы 5-октябрда жыйынтыкталган.