Исфана-Ош жолунда Степвагон менен Жигули сүзүшүп, үч адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда SUPER.KG порталына Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Медер Шабданов билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн эртең мененки саат 07:30 чамасында Исфана-Ош жолунун 25-чакырымында катталган. Анда Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа менен Жигули үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Алдын ала маалымат боюнча кырсыктын кесепетинен үч адам каза болгон.
Азыркы тапта кырсык болгон жерде Патрулдук милиция кызматкерлери иштеп жатышат.