Башкы прокуратура Ноокен районундагы дамбаны калыбына келтирүү үчүн өткөн тендер боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 14-ноябрда аталган мекеменин басма сөз кызматы таратты.
Маалыматка караганда, 2016-жылы ӨКМнын алдындагы Суу ташкындарынан коргоо агенттиги тарабынан Кара-Үңкүр-Сай дарыясындагы №2-дамбаны калыбына келтирүү боюнча тендер өткөн.
"Анда "Ж." ишканасы жеңүүчү аталган. Бирок конкурстук комиссиянын мүчөлөрү жеңүүчү компанияны келишимди аткаруудан баш тартууга мажбурлап, башка иш сунушташкан. Жыйынтыгында алар көздөгөнүнө жетишип, көп суммадагы акча сунуштаган жана квалификациялык талаптарга жооп бербеген "К." ишканасын жеңүүчү кылышкан. Анын кесепетинен мамлекетке 2 миллион 701 миң сом зыян келтирилген. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 189, 304 жана 306-беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп билдиришти Башкы прокуратурадан.