Ысык-Көл облусунда 40-45 жаштагы жаранды унаасы менен сүзүп, кырсык болгон жерден изин жашырып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 14-ноябрда Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, 12-ноябрда Тоң райондук ички иштер бөлүмүнө Тогуз-Булак айылынын жанынан өткөн Балыкчы-Каракол унаа жолунда белгисиз адамдын жансыз денеси жатканы тууралуу маалымат түшкөн.
Айтылган жерге тергөө тобу келип болжолдуу түрдө 40-45 жаштагы эркек кишини унаа сүзүп кеткенин, анын кесепетинен жабырлануучу каза болгонун аныкташкан. Ошондой эле алар унаанын жерде жаткан сынык фарасын жана 1 миң сомдой акчанын жерде чачылып жатканын көрүшкөн.
"Издөө иштеринин натыйжасында 13-ноябрь күнү шектүү катары Көк-Сай айылынын 1973-жылы туулган тургуну кармалды. Ал Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаасы менен каза болгон адамды сүзүп кеткенин, андан кийин кырсык болгон жерден качып кеткенин моюнуна алды. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, күнөөлүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деди Усубакунов.
Ал эми каза болгон адамдын аты-жөнү азырынча тактала элек.