Мамлекеттик айыптоочу Карганбек Самаковду 19 жылга, Чудинов менен Айдаралиевди 11 жылга эркинен ажыратууну сурады

Бүгүн, 14-ноябрь күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо боюнча айыпталгандардын иши каралды. Анда мамлекеттик айыптоочу Карганбек Самаковду 19 жылга, Игорь Чудинов, Искендербек Айдаралиев, Арстанбек Ногоевдерди 11 жылга, ал эми Курманбек Бакиев, Жаныш Бакиев, Кубанычбек Самаков, Аликбай Сариев, Урмат Нурдинов, Эрнис Койчуманов, Абай Таштанбековду 18 жылга эркинен ажыратууну сурады.

Айта кетсек, Башкы прокуратура 2008-жылы Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүндөгү жер тилкелерин "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу фактысы боюнча кылмыш ишин тергөөнү аяктап, ишти сотко жөнөткөн. Анда Карганбек Самаковго карата "коррупцияны уюштуруу", Жаныш Бакиевге жана Курманбек Бакиевге карата "коррупцияга көмөктөшүү", К.Самаковдун уулу Кубанычбек Самаковго жана алардын 4 адамына карата "коррупцияны кошо аткаруучулук" беренелери боюнча айыптар тагылган.

Өкмөттүн "КРнын Аламүдүн районунун аймагындагы жерлерди которуу жөнүндө" мыйзамсыз токтомун чыгарганы үчүн мурунку премьер-министр Игорь Чудиновго, мурунку биринчи вице-премьер-министр И.Айдаралиевге жана мурунку айыл чарба министри А.Ногоевге карата "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айып тагылган.

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Best.bakyt
2017-11-14 19:22:07
Бул кишилер кайда Кыргызстандабы? Бакиевтерди го билебиз, калгандары кайда?
+1
Krai
2017-11-14 19:48:17
Карганбек Самаковго анчалык коп берген туура эмес башкасын го билбейм Манас эпосун юнеского кыргызстандын атынан киргизген ушул жигит К . САМАКОВ эмес беле
+7
KAPTA
2017-11-14 19:54:26
Krai,
Туура, ушул кишки. XXXX болгону калыптыр, булгар! Оюна келгенин айтышып!
+1
Nurbol
2017-11-14 19:54:45
Карганбек Самаков Кыргыздын улуулугун данктап Юнеского баалуулуктарыбызды каттатып, МАНАС баатыр эстелигине чон спонсор болгон жигит. Бийлик бул инсанды да коро албады
+3
aydinnur
2017-11-14 19:59:32
Самаковдун чыны жакшы иштери көп,бирок деген бар да...айдоо аянттарын элден алдап башка нерсе курам деп,сотыхтарга бөлүп сатып ийгени, Асанбай тарапта паркты чекесинен жок кылып этаж үйлөрдү салып койгону да чындык...
+1
kychan.98
2017-11-14 20:09:11
Четинен камасын айтор баарын камасын атамбай баарын каман
-2
raikakyz
2017-11-14 20:16:38
АШАны 2.5 гк жерди менчиктештирип,хан сарай салганы учун ким жазалайт болду экен?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан