Кадамжай районунда эки унаа сүзүшүп, 6 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 14-ноябрь күнү саат 23:00 чамасында Ош-Баткен унаа жолунун 156-чакырымында болгон. Анда Хундай Портер үлгүсүндөгү эки унаа сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 6 адам жабыркаган. Окуя болгон жерге ӨКМнын №3-өзүнчө мобилдик тоо-кен кырсыктарынан куткаруу взводунун куткаруучулары чыгышкан. Жабыркагандар жолдо өтүп бара жаткан унаалардын айдоочулары тарабынан райондук ооруканага жеткирилген.