14-ноябрь күнү эртең менен Калифорниянын түндүгүндө тургун төрт адамды өлтүрүп, мектеп окуучуларына ок чыгарды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.
Маалыматка караганда, кылмышкер бир канча жайга, анын ичинде мектепке да ок чыгарган. Окуянын кесепетинен 4 адам каза болуп, 7 адам жабыркады. Жабыркагандардын арасында мектеп окуучулары да бар. Алардын бирине ок тийсе, бирин унаа тебелеп кеткен.
"Кылмышкер шерифтин жардамчысы тарабынан атып өлтүрүлгөн. Анын жанынан эки тапанча табылган. Алдын ала маалымат боюнча алгач кылмышкердин үйүндө жаңжал чыгып, андан соң ал башка адамдын унаасын айдап, ар кандай жайларды тапанча менен аткылай баштаган", - деп айтылат маалыматтарда.