Чүй облусунун Москва районунда 9-класстын окуучусу асынып алды. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына укук коргоо органдарынан тастыкташты.
Маалыматка караганда, окуя 14-ноябрь күнү Москва районунун аймагындагы сарайда болгон.
"13-ноябрь күнү 9-класстын эки окуучусу урушуп кетип, бири ооруканага жатып алган. Ал эми экинчи баланы тартипке чакырыш үчүн ата-энеси, мугалимдер урушкан. Ошол күндүн эртеси, 14-ноябрь күнү уруш жеген бала асынып алган абалда табылган", - деп билдиришти укук коргоо органдарынан.