Таласта өткөн митингдерде активдүү катышкан активист камакка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге "Жаңы Муун" саясий кыймылынын мүчөсү Айбек Мырза билдирди.
"Таласта өткөн митингдерди уюштурууга активдүү катышкан Шамбет Кубатбековду 15-ноябрда милиция кызматкерлери Бишкектен кармап, алып кетишиптир. Бүгүн саат 17:00дө Кубатбековдун баш коргоо чарасы Биринчи Май райондук сотунда каралат", - деди Айбек Мырза.
Белгилей кетсек, 16-октябрда жана 3-ноябрда Талас шаарында жергиликтүү тургундар нааразычылык акцияларын өткөрүшкөн.