Саранск шаарында Кыргыз жараны унаасы менен жол чырактын түркүгүн сүзүп, өзгөндүк эже-сиңди каза болду

Саранск шаарында Кыргыз жараны унаасы менен жол чырактын түркүгүн сүзүп, эки Кыргыз кызы каза болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Орусия Федерациясынын Мордовия Республикасына караштуу Саранск шаарында 2017-жылдын 14-ноябрга караган түнү жол кырсыгы катталган. Унаанын айдоочусу 33 жаштагы Кыргыз жараны Хендай Соларис үлгүсүндөгү жеңил унаасы менен бара жатып жол чырактын түркүгүн сүзүп алган.

Натыйжада унаанын айдоочусу башынан жаракат алып, ал эми унаанын ичиндеги эки Кыргыз кызы көз жумган. Алар Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Шералы айылынын тургундары 1994-жылы туулган Мария А. жана 1999-жылы туулган Мадина А. аттуу эже-сиңдилер болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
ZhanMM
2017-11-15 18:41:44
Эхх... Кыргызстанда да, Россияда да шум ажал алып атат ...
+6
Man87
2017-11-15 18:43:35
Курсыктан жараткан өзү сактасын.
+1
Eli.91
2017-11-15 18:56:10
ушундай аттарын чыгарган туура эмесго,тууган уругу кирип калса шок болотко,бул жагында ойлоп коюшса жакшы болмок?каза болгон кыздардын жайлары жаннаттан болсун,эх Кудайым ата-энесине жана бир-туугандарына сабыр берсин,Кайрат кылыныздар,ажал деген ушундай туура эч арга жок экен,коз алдындан жулуп кетет экен,тушунуу менен конул айтам.
-5
Sagyn.91
2017-11-15 19:07:19
Эже-синди, эже-синди, эже-синди, журок ооруду го(((( Он гулунон бир гулдору ачылбай жатып, бучур сымал, эрте жазда каттуу бороондо учуруп кеткендей эле болду да башкуштар. Жакындарына Сабыр...
+7
Muslim_KGstana.
2017-11-15 19:58:36
иии мындай эле сузгон экенго
бечара кыздар,жашабай кеткен омурунорду ата-эненерге насип кылсын
+4
amin1986
2017-11-16 01:07:04
Muslim_KGstana.,ажал экен,
0
meni_kut
2017-11-15 20:22:09
Ата энеси уга элек. Апасы инсульт, а атасы майып коляскада оорукчан... Аттин аларга туугандары айталбай жатат
+7
Dalil
2017-11-15 20:43:16
Аллах ата-энесине сабыр берсин.
+3
muke.1971
2017-11-15 21:47:13
Жаткан жери жайлуу болсун ,топурагы торко болсун.
0
Tilek1989.
2017-11-15 22:20:51
Жайы бейиштен болсун Алла таала кетирген куноолорун кечире кор. Эх жаш кыздар экен он гулунон бир гулу ачылбай жатып жарык дуйно менен кош айтышыптыр
0
stepboy
2017-11-15 23:41:52
Аттарын чыгарбаса жазып койсонор болбойбу дейсинер чыгарса не чыгардынар дейсинер деги бизге эмне жагат озу адамдар пейлибизди ондошубуз керек бардык нерсе озубуздон туура бийлик бийлик эле деп жатабыз бирок ошол бийликтин 2000 сомун алып шайлаган да озубуз адамдык сапатыбызды жоготбойлу улуу урматтуу бир туугандар кыздардын жаткан жери жайлуу болсун
+2
Eli.91
2017-11-16 09:14:37
stepboy,
Мен кылмышкерлердин аттарын толлук чыгарганга макулмун,каза болгон адамдын атын чыгарганга каршымын,анткени азыр интернет деген онуккон заман,балким бир-тууганы окуп калар,элестетип ал адамдын акыбалын?келгичейин эзилип бутотго чиркин бир бооруна,чет элде журуп каза болгон адам канча кундо келишин бир Аллах билет,ошондой экен аттарын чыгарбай коюуусу онго дейм.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан