Ысык-Көл облусунда айдоочу унаасы менен жергиликтүү тургунду сүзүп алды. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда SUPER.KG порталына Патрулдук милиция башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 15-ноябрь күнү саат 18:20 чамасында Балыкчы-Бөкөнбай унаа жолунун 54-чакырымында болгон.
"Анда Бишкек шаарынын тургуну 1990-жылы туулган Ж. уулу Э. Тойота Авенсис үлгүсүндөгү унаасы менен чыгышты көздөй баратып, жолго чыга калган жаранды сүзүп алган. Жабырлануучу 1970-жылы туулган Р.К. аттуу Кызыл-Туу айылынын тургуну болгон. Бирок анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Ал ооруканада жан берген. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп билдиришти Патрулдук милициядан.