Бүгүн, 16-ноябрда саат 07:42де Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жер титирөөнүн очогу Кара-Сай айылынан 15 чакырым түндүк-батышта, Каракол айылынан 25 чакырым түндүк-чыгышта, Кажы-Сай шаарчасынан 75 чакырым түштүк-чыгышта болгон. Жер титирөөнүн күчү Кара-Сай айылында – 4 балл, Каракол шаарында - 3,5 балл сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.