Бишкекте президенттик кортежди коштоп жүргөн унаа кырсыкка кабылды

Бүгүн, 16-ноябрь күнү саат 08:30 чамаларында Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектисинде Chevrolet Suburban жана Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү эки унаа сүзүштү. Укук коргоо органдарындагы өздүк булактардын SUPER.KG порталына билдиришинче, унаалардын бири Chevrolet Suburban президенттик кортежди коштоп жүргөн унаа болгон. Ал эми Патрулдук милиция кырсык тууралуу маалымат берүүдөн баш тартууда.

"Эки унаанын катышуусунда жол кырсыгы болду. Бирок биз азырынча эч кандай маалымат бере албайбыз", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан.

Кырсыкка кабылган экинчи унааны аял башкарып бараткан. Кырсык болгон учурда унаа ичинде айдоочу аялдын апасы да болгон. Ал айрым ЖМКларга берген маегинде кырсыкка президенттик кортежди коштоп жүргөн унаа айыптуу экенин айтууда.

Президенттик кортежди коштоп жүргөн унаа кырсыкка кабылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
General.kg
2017-11-16 16:08:01
Улан Исраилов 70-80% жол кырсыгына айдоочу күнөөлү деп келж..ебей праваларды сатыр алууну токтотуш керек!
+3
Ermekbai
2017-11-16 16:08:13
"Эки унаанын катышуусунда кол кырсыгы болду. Бирок биз азырынча эч кандай маалымат бере албайбыз", 
https://www.super.kg/mobile/kabar/news/209335/
+1
gute
2017-11-16 16:08:47
Байкуш Аялды куноолу кылып коюшат тем более АШАныкы экен.
+7
kechirmeni
2017-11-16 16:10:53
Айлантып туруп озуно илип койсо эле куноону
+3
elchi84
2017-11-16 16:51:09
Азыркы учурда аял кунолуу.
-3
Ermekbai
2017-11-16 17:07:51
elchi84, Сиз окуянын күбөсүсүзбү эмне үчүн аял күнөөлү болот. Аял күнөөлү болгондо сразу мойнуна коюп тв дан көрсөтүп интернетке чыгарат эле бул менин жеке оюм.
+2
Assist
2017-11-16 18:26:50
Маалымат бере албайсынарда шефтин конвойу болсо
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан