Бишкекте айдоочу Ниссан Примера үлгүсүндөгү унаасы менен 13 жаштагы баланы сүзүп кетти. Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан SUPER.KG'ге билдиришкендей, кырсык бүгүн, 16-ноябрда шаардагы Ахунбаев менен Островский көчөлөрүнүн кесилишинде түшкө маал болгон.
"1981-жылы туулган Ж.А. аттуу айдоочу Ахунбаев көчөсү менен күн батышка карай баратып баланы сүзүп алган. Бала алган жаракатынан улам №3-балдар ооруканасына жиберилди. Ал эми унаа айып аянтчасына токтотулуп, өзүн убактылуу камакка алуу үчүн милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - дешти Патрулдук милиция башкармалыгынан.