Үстүнө бетон плита кулаган үйдөгү жаракат алган 4 адамдын бири ооруканадан каза болду

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда үстүнө чоң бетон плита кулаган үйдүн ичиндеги жаракат алган 4 адамдын бири ооруканадан каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын айтымында, кырсыктан жабыр тарткан 45 жаштагы аял бүгүн эртең менен саат 10:55те каза болгон.

"Анын эки буту сынып оор абалда Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жандандыруу бөлүмүндө жаткан. Операция жасоо үчүн алып бара жатканда жүрөгү токтоп, каза болуптур.

Аны менен кошо жаракат алып ооруканага түшкөн 3 адамдын бири наристе бала болчу. Анын жаракаты жеңил болгондуктан биринчи жардам көрсөткөндөн кийин эле кайра алып кетишкен. Учурда жабыркагандардын экөөнүн абалы оор. Аларды жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлер көзөмөлдөшүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Эскерте кетсек, буга чейин Сокулук районунун Новопавловка айылында курулуш жүрүп жаткан учурда крандын тросу үзүлүп кетип, чоң бетон курулуш плитасы ичинде 5 адам бар үйдүн үстүнө кулап, 1 аял каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
erkeleim
2017-11-17 01:18:36
Жаткан жери жайлуу болсун байкушум апамын колу сынды тигинде жатат деп суйлогон видеосун кордум эле
0
Anikin83
2017-11-17 21:10:28
erkeleim,эч аныгын билбей эле жаза бербегилечи троз узулгон жок,арты кайрылуу болсун Динара эженин
0
toolos1982
2017-11-18 10:07:50
Anikin83,Троз үзүлбосо трос үзүлүптүрда



0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан